Мектептин тарыхы
№22 Б.Абдырахманов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп 1968жылы курулган. Пайдаланууга 1973-дылы берилген. Мектеп 1 этаждан турат, тиби- типтүү. 1973-жылы “Киров” негизги билим берүүчү мектеби болуп ачылган (Проект № 2 А3 -10 м-5 обьект АСМ-3-366/67г. Г.Ош 1967г).
Имараттын жалпы аянтты – 2,3га түзөт.
Мектептин жалпы кубатурасы 24800 м3
Окуучулардын жалпы сыйымдуулугу – 192 орундуу
Мектептин окуу канасы 10 кабинеттен турат, бир спорт залы жана эки спорт площадка бар.
Жылытуу туру- электрдик утурумдук ремонт жасалган, 2009-жылы айыл өкмөтү тарабынан жалпы сыйымдуулугу 5,5 тоннаны түзгөн, кудук курулган. 1984-жылы ашар жолу менен мугалимдер тарабынан 20 орундуу ашкана курулган.
Педагогикалык жамааты жөнүндө маалымат.
Мугалимдердин
жалпы саны
Анын ичинен
Эл агартуу
отличниги Жогорку
билимдүү ББИМнин
Ардак
Грам.алган Обл.БББнин
Ард.грам
алган
Жаны
Ачылганда
(1973-
жылы)
20
— 7 2 2
2022-2023-
Окуу- жылы 31 2 20 6 7
1973-1974-окуу жылында окуучулардын жалпы саны -160 түзгөн.
2021-2022-окуу жылында окуучулардын жалпы саны-501, класс комлектиси 22
Алгачкы директор Абдырахманов Батырбек 1973-1986-жылдары эмгектенген жана биринчилерден болуп эл агартуунун отличниги болгон.
1986-2000-жылдары Мырзалимов Анвар агай жетектеген.
2000-2001-жылдары Элбеков Эргешал”ы агай эмгектенген.
2001-2015-жылдары Нышанов Кубаныч Калдарбекович жетектеген.
2015-2020-жылдары Кадыров Арслан Алимкарыевич эмгектенген.
2020-жылдан Исмаилова Гульмира эжеке жетектеп келе жатат.
Педагогикалык жаамат окуучулардын билим сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат.
1998-1999-окуу жылында Республикалык олимпияданын бир окуучубуз өзбек тили жана адабияты боюнча 1-орунду алган
2012-2013-окуу жылында 1 окуучу катышып областтык спорттук мелдеште 1-орун, республикалык мелдеште спорттук оюндун волейбол түрү боюнча 2-орунду алды.
2018-2019 окуу жылында кыздар волейбол командасы райондо байгелүү орунду ээлешип ,областык турга катышып келишти.
Жалпы ЖТР боюнча окуучулар 2012-2013-окуу жылында 168 балл,
2018-2019-оку жылында 163 балл,район ичинде мектептер арасында 3-орунду ээледик. ЖРТ
2020-2021-окуу жылында 134 баллдык көрсөткүчтү көрсөтүштү
.2021-2022 окуу жылында да 143балл алдык
2021-2022 окуу жылында 6-класстын 5 окуучулары КР Эл аралык “САПАТ” билим берүү мекемеси тарабынан өткорүлгөн математика боюнча олимпиадасында райондо 1-орунга ээ болушуп ,2-областык этабына активдүү катышып ,грамота менен сыйланышты
.2021-2022 окуу жылында дене тарбия мугалимдерибиз райондо волейбол боюнча 1-орунду ээлештишахмат боюнча 3-орунга ээ болду. Ошондой эле “Жылдын мыкты кабинети” конкурсуна да Гапарова Адина эжеке катышышты
2021-2022 математика мугалими Мейманова Чынара эжекебиз райондук” Жыл мугалими -2022” сынагында катышып “ номинацияга ээ болду
Мектептин техникалык каражаттары боюнча: Билим берүү министрлигиненен жана АРИС долбоорунан берилген компьютердин жалпы саны 12 даана, компьютердик класс, эки түстүү
телевизор, проектор жана окуу класстарына коюлуучу эмеректер б ар .
2020-2021-окуу жылында мугалимдер, ата-энелер тарабынан жана мугалимдердин салымы менен түстүү принтер алынды.
2021-2022-окуу жылында жергиликтүү бюджет тарабынан 116862 сомдук мектепке раковина, аристон, кудук, стандарттуу слиф орнотулду. Ата-энелер тарабынан алты көздүү ажаткана ремонттолуп ишке киргизилди жана дарбазанын кирүүчү жерине 5 м көпүрө жаныланды
Мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр тарабынан мектепке 2стол, 6 стул пайдаланууга белек катары тапшырышты .
Буйруса, 2022-2023-окуу жылында айыл өкмөт тарабынан 30 орундуу балдар тамактануучу ашкана курулганы турат жана кошумча окуу корпусун курганы пландар түзүлүп жатат.
Мектептин материалдык- техникалык базасын, окуучулардын билим сапатын жогорулатууда, райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларга катышуусуна, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мектеп жамаатындагы мугалимдер үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.
Комментарии